
Кирүү коддор
PIN же PIN2 коду
(4-8 сандар)
Бул нерселер SIM картаңыздын уруксатсыз
колдонулушунан коргойт же айрым мүмкүнчүлүктөрдү
колдонууда талап кылынат.
Телефонуңузду иштеткенде, ал PIN кодду сурай тургандай
кылып орнотсоңуз болот.
Эгер коддор SIM картаңызда камтылбаса же аларды унутуп
койсоңуз, жергиликтүү кызмат тейлөөчүңүзгө
кайрылыңыз.
Эгерде сиз кодду үч жолу катары менен туура эмес жазып
алган болсоңуз, кодду PUK же PUK2 кодунун жардамы
менен камоодон чыгарышыңыз керек.
PUK же PUK2 коду
(8 сан)
Булар PIN же PIN2 кодун бөгөттөн чыгарууда талап
кылынат.
SIM картаңызда камтылбаса, кызмат тейлөөчүңүзгө
кайрылыңыз.
IMEI номери
(15 сан)
Бул тармактагы жарактуу телефондорду аныктоо үчүн
колдонулат. Номер андан нары, мисалы, уурдалган
телефондорду камоо үчүн пайдаланышы мүмкүн.Ошону
менен бирге, номерди Nokia Care кызматтарына берүүгө
зарылчылыгы келип калышы мүмкүн.
IMEI санын көрүү үчүн, *#06# териңиз.
Кодду (коргоо
кодун) бөгөттөө
Бул нерсе, телефонду уруксатсыз колдонуудан коргойт.
Аны жандыруу 13

(кеминде 5 сан)
Телефонду, өзүңүз аныктаган бөгөттөө кодун сурагандай
кылып орното аласыз. Тымызын бөгөттөө коду 12345.
Кодду жашырын жерге сактап жана телефондон бөлөк
жерге бекитип коюңуз.
Код унутулганда, телефонуңуз бекилип калса,
телефонуңузга тейлөөгө муктаж. Кошумча чегерүүлөр
кошулуп, жана телефонуңуздагы жекелик айтымдар жок
болушу ыктымал.
Көбүрөөк маалымат үчүн, Nokia Care жайына же
телефонуңуздун дилерине кайрылыңыз.