Nokia Asha 300 - Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз

background image

Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.

Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде колдонбоңуз же сактабаңыз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана

электроникалык компоненттери зыянга учурайт.

Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз. Жогорку температуралар, аппараттын колдонуу убактысын

кыскартып, батареяга зыян келтирип, айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Аспапты суук жайларда сактабаңыз. Аппарат өзүнүн нормалдуу температурасына келгенде, анын ичинде пайда

болгон ным, электрондук чынжырларга зыян келтириши ыктымал.

Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерди бузушу мүмкүн.

Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ички чынжыр схемаларын жана

механизмдерин бузушу мүмкүн.

Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу

ыктымал.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип

туруңуз.

Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.

Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же

компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.

Узак колдонууда, аппарат жылуу сезилиши мүмкүн. Көп учурларда бул нормалдуу. Эгерде аппараттын туура иштешине

күмөн санасаңыз, анда аны, расмий уруксаты бар техникалык тейлоо кызматына алып барыңыз.