Nokia Asha 300 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BL-4U кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.

Бул аспап, төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-8, AC-10, AC-11 . Nokia

заряддагыч моделинин так номери сайгычтын түрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Анын түрү E, X, AR, U, A, C, K, же B

тамгалары менен аныкталат.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.